Биз менен байланышыңыз

МАС КЫЗ

Блог | 26 Фев 2019 | 1213 | 0

Тан эрте зордукталган кызды көрдүм аялдамадан. Уйпаланган чачтарына чөп-чардын кыпындары илинип жүрөт. Дал-далынан айрылган көйнөгүнүн ичинде абийири жок. Кара жолду бирде мурду менен сүзө жыгылып, бирде тамтаӊдап жолунан адашат. Андан обочо турганым менен анын күз түшкөн көзүн даана көрүп турдум. Уялуу, коркуу, жазгануу деген аялуу сезимден куру жалак калган аялзатынын өтө жаман болорун укканым бар, алды мынчалык бетсиз анан айбандан төмөн даражага түшүп каларын өз көзүм менен көрүп, арданып, уялып турдум. Мен да — кыргыз кызымын. Мен да — аялзатымын.

-Жоругун жолдо калгыр,- дечү эле айылдык бир апа ким бирөөнүн жосунсуз иштерин уга калса. Анын сыӊары мен бул таӊкы абалдан оолактап кете албай, же кол шилтеп жек көрө албай, же жанына барып жардам кыла албай араӊ турдум саландап. Калп эле жолду караганым менен жолуӊ да көрүнбөйт. Бүтүн элдин тагдыры “мас кыздын” маймыл кейпине чагылышып туруп алды. Жол караган көзүмдүн кычыгында келечеги бүдөмүктөнгөн тагдыр турат.  Ал тагдыр таланган кыргыз кызына окшош мекендин тагдырындай.  Кыргызстанды кимдер гана зордуктаган жок?..

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM