Биз менен байланышыңыз

Жумагулова: Кыргызстанда дары-дармектин баасы 10%га арзандайт

Күн чабыт | 26 Фев 2019 | 1046 | 0

Кыргызстандагы дары-дармектин баасы кзөмөлдөнөт. Учурда тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип коомдук талкууга чыкты. Алгач пилоттук негизде 58 дарынын тизмеси бекитилди. Эми бир ай ичинде бардык сунуштар эске алынат жана өкмөткө киргизилет. Долбоордун негизги өзгөчөлүгү жана дары-дармек саясатына кире турган жаңылыктар тууралуу «Күн чабыт» программасында долбоорду иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү, Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Жылдыз Жумагулова айтып берди.

Марал:  Кыргызстанда дарылардын баасы көзөмөлдөнө турганы айтылды. Ал кандай негизде тескелгени турат?

Жумагулова: Биздин дарыканаларда дарылар кымбат сатылганы коомчулукта айтылып эле келет. Экинчиден, бир эле дарыга эки дарыканада эки башка баа экени белгилеп жүрүшөт. Мындай көйгөй көптөн бери эле бар. Ошондуктан 2017-жылдын август айында жаңы үч мыйзам кабыл алынды. Анын бири дал ушул дары-дармектин баасын көзөмөлдөөгө тиешелүү. Андан бери саясатын иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бир гана Саламаттык сактоо министрлиги эмес, Дары-дармек департаментинен, Экономика министрлигинен жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөр кирди. Бул жерде фарм бизнестин өкүлдөрү да кошулду. Бул топ соңку бир жылда эл аралык тажрыйба менен толук таанышты жана бул жакты тескөө үчүн атайын долбоорду иштеп чыкты. Азыр пилоттук негизде 58 дарыга киргизели деп турабыз. Бирок бул жалпы дарылардын арасында молекула эле болуп калат. Биз калганын ошентип көбөйтүп отурабыз. Ошону менен жалпы 300-400 дарыга кирет.

Марал: Дары-дармек саясатына келсек. Сиз айткан 58 дарынын баасы кантип көзөмөлгө алынат? Дарынын наркы кандайча эсептелип чыгат?

Жумагулова: Азыркы тапта 58 дарыны толук анализдеп чыктык. Аларды кайсы фирма алып кирип кайсы дарыканаларга сатары жөнүндө маалыматтарды жыйнадык. Эми долбоорду өкмөт кабыл алса, ошол фирмаларга белгилүү бир убакыт беребиз. Ошол мөөнөттө дарылардын баасына каттоо жүргүзүлөт. Андан соң бизге алып келип көргөзүшү керек. Мисалы, бир дары Орусияда чыкса, заводдогу баасы  менен сатыктагы баасын алып келүүгө милдеттендирилет. Бул жерде дагы баалардын дүң жана чекене деп атайын категорияга бөлдүк. Анын наркы болжолдуу 30 пайыз гана кошуп сатат. Мында бардык чыгымдарды киргиздик. Анан албетте дарылардын каталогу түзүлөт. Ар дарыканага коюлат жана ошол нарк менен сатылат.

Марал: Бул долбоор толук ишке кирсе, дарыканалардын баасы канча сомго чейин арзандашы мүмкүн?

Жумагулова: 30 пайызга биз бардык чыгымды киргиздик. Анын ичинде жол киреден баштап, ишкердин пайдасына чейин бар. Ошонун баары киргенден кийин дагы дарынын баасы арзан түшүп жатат. Жок эле дегенде бүгүнкү наркынан 10 пайызга чейин түшөт. Бүгүнкү күнү арзан келген дары 2-3 эсеге чейин кымбат сатылып жатат. Андыктан бул жалпы калкка пайдалуу болот. Эгер баасы түшсө аймактарга дагы эң керектүү дарылар кенен бара баштайт.

Марал: Ал эми сиздер бекиткен баалар менен сатпаган дарыканаларга кандай чара көрүлөт? Ушул жагы эске алындыбы?

Жумагулова: Бизде бузуулар жөнүндөгү кодекс бар. Ошол жака бул маселени киргизели деп турабыз. Буюрса, өкмөттөн колдоо тапса, конкреттүү түрдө иштелип чыгат. Кандай учурда кандай жаза берүү жагы толук эске алынат. Дарыканалар канча кымбаттатып жатканын ар бир дарыканага коюлган каталогдон жарандар өздөрү эле көзөмөлдөп калат.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM