Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасы жакшыртылууда

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 465 | 0

Мамлекеттик салык кызматында Япониянын Эл аралык Кызматташуу Агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылуучу “Салык кызматынын кызматкерлеринин кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Учурда JICA долбоорунун 2-стадиясы ишке ашырылууда. Анын алкагында дистанттык (электрондук) окуунун 3 курсунун модулун иштеп чыгуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле салык кызматынын кызматкерлери Япониядан тажрыйба алып, практика жүзүндө электрондук окутуу системасы  жана санариптик контент түзүү менен танышышты.

Салык кызматы JICA эксперттеринин пилоттук окутуу процесстерине мониторинг жүргүзүүчү жана башкаруучу пилоттук окутууну контролдоо боюнча комиссия түзүү сунушун колдоого алды.

Эскерте кетсек, бул долбоор дистанттык окутууну киргизүү аркылуу салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү максатында иштелип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM