Биз менен байланышыңыз

Президент Орусиянын мурдагы элчисине «Даңк» медалын ыйгарды

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 522 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Анда мамлекет башчы элчи Крутькону Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алынганы жазылган.

Жээнбеков ага кыргыз-орус мамилесинин өнүгүшүнө салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирди. Ал элчи болуп турган маалда эки өлкө ортосундагы кызматташуу жаңы деңгээлге чыкканын эске салды.

Элчи Андрей Крутько кызматта турганда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонун, кыргыз-орун өнүктүрүү фонду ишке киргизилгенин айтты.

-Кыргызстандык мигранттардын Орусияда жүрүшүнүн шарттарын жакшыртууга абдан көп иш жасалды — эми алар эмгек мигранттары эмес, ЕАЭБдин толук укуктуу жумушчулары», — деп айтты Андрей Крутько.

Анын айтымында, Орусиядагы кыргызстандыктарды медициналык тейлөө жана социалдык камсыздоо системасына кошуу боюнча мындан аркы маселелер алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкууланат.

Кошумчалай кетсек, Андрей Крутько Кыргызстанга 2012-жылы элчи болуп дайындалган. Быйыл 30-январда анын ордуна Орусиянын Нигериядагы мурдагы элчиси Николай Удовиченко келди.

Copyright © 2017 Maral FM