Биз менен байланышыңыз

Сариев: Өкмөт алмашса да абал ушул бойдон калат

Күн чабыт | 25 Фев 2019 | 872 | 0

Акыркы күндөрү өкмөттө эскертүү жана сөгүш алган кызматкерлер көбөйдү. Алсак, Экономика министри Олег Панкратовго, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, жана бир катар ведомство жетекчилерине, кызматкерлерине сөгүш берилди. Андан тышкары 7 райондун акимин кызматтан алуу сунушу берилди. Өкмөттөгү эскертүү жана сөгүштөрдүн сериясы эмнени шарттайт? Бул маселенин алкагында саясат талдоочу Марс Сариев менен маек курдук.

-Марс мырза, өкмөттө акыркы учурда эскертүүлөр, сөгүштөр, кызматтан алуу боюнча сунуштар көп бериле баштады? Бул кырдаал эмнени шарттайт?

-Бул көрүнүштөрдөн кийин өкмөт жакшы иштебей, отставкага кетери билинип калды. Муну Жогорку Кеңеште да депутаттар сөз кылып жатышат. Мухаммедкалый Абылгазиев ушуну сезип кыймылдай баштады. Бирок кеч болуп калбадыбы. Сөгүш бергени менен кырдаал анын колунан чыгып бара жатат.

-Мындай чаралардын баары акыркы учурга чогулуп калганындагы мандем эмнеде?

-Путин Кыргызстанга келеринин алдында же кеткенден кийин өкмөт тарайт. Башка менеджерлер келиши керек. Команданын келгенине 1 жыл болуп калды, жыйынтык жок. Учурда кризистик менеджерлер керек болуп турат. Бул өкмөт канааттандырбайт. Премьер-министр өзү менеджер болуп, команданы башташы керек эле. Азыркы өкмөт башчынын кыймылдаганын байкаган жокпуз.

-Сөгүштөр, эскертүүлөр иштин алга жылышына, жетекчинин өз ишин жакшыртышына таасир этеби? Бул кырдаалга түшпөө үчүн кандай жол менен кетиши керек эле?

-Жок. Бул эффективдүү иштей албаганда ушундай сөгүш берип, стимул кылганга аракет кылат. Эми бул ыкма жарабайт. Мурдатан системалуу иш алып баруу керек эле. Канча сөгүш берилсе да иш алдыга жылбайт.

Менин оюмча, өкмөттү партиялык квота менен көрсөткөнү туура эмес. Мындай ыкма эффективдүү болбойт. Азыр Ли Куан Юдай болгон кризистик менеджерлер керек. Кошуна өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёевдей же Пашиняндай кишилер келбесе, бул иш ушул таризде улана берет. Анткени эски кадрлар, Советтер союзунан калган технология менен иштеп жатышат.

-Анда өкмөт алмашканы менен ушул эле, тагыраагы, сөгүш, эскертүү алчу кадрлардан арыла албайт экенбиз да…

-Партиялык квота менен, тагыраагы, азыркы ыкма аркылуу ишти алдыга жылдырчу кризистик менеджерлер келбейт. Учурдагы өкмөттө андай кадр жок. Өкмөт алмашса да, ушул эле кызматкерлер, ушул эле иш уланып, абал өзгөрбөйт.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM