Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда иттердин 90 пайызы индентификацияланды

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 748 | 0

Өлкөдө иттердин дээрлик 90 пайызы идентификацияланды. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калыс Жумаканов билдирди. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип жатып, иттерден таралган оорулар көп болгондуктан биринчи кезекте иттер индентификацияланганын айткан.

Жумаканов билдиргендей, Россия тараптан коюлган чектөөлөр 12 жылдан бери алынбай келген. Эми Кыргызстандагы ветеринардык абал жакшырып, идентификациялар жакшы жүрүп баштагандан бери ал чектөөлөр алынган.

«Азыр ветеринардык абал боюнча идентификациялар жүрүп жатат. Экинчи кварталдын башы менен чочколорду жана төртүнчү кварталдын башы менен жылкылар идентификациялана баштайт”, — деп билдирет Калыс Жумаканов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM