Биз менен байланышыңыз

Кош бойлууларга кофе ичүүгө болобу?

Блог | 25 Фев 2019 | 2228 | 0

Сиз кофени жакшы көрөсүз жана бир дагы таңыңызды бул сергитүүчү суусундуксуз элестете албайсыз. Муну менен катар абалыңызга, убактыңызга көңүл бурбастан күнүнө бир нече жолу ичесиз. Бул көнүмүш адаттан мисалы, кош бойлуу учурда арылууга болобу? Ал эми кан тапшырууда, же болбосо, жатардачы? Кофенин таңгагында булар тууралуу маалыматты таба албайсыз, ошондуктан бул макалага көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Кош бойлууларга кофе ичүүгө болобу?

Кош бойлуулук – бул аялзатынын өз эркине каршы баланын келечеги (дени сак болуп төрөлүшү) үчүн көп нерседен баш тартуучу учуру. Колдонуудан баш тартуучу нерселерге кофени да киргизүүгө болобу? Негизинен эки ача ойлор бар, бирок алардын ичинен эң ишенимдүү булакка токтолуу кажет. Алардын бири болуп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму саналат:

«Эгерде кош бойлуулук жакшы өтүп жатса, анда кофеден сөзсүз түрдө баш тартуу керек дегенге жатпайт. Бирок анын өлчөмүн азайтыңыз – суткасына 300 миллиграммдан ашырбоо зарыл».

Изилдөөлөргө караганда, суткасына 300 миллиграмм кофе – ага көнүп калууну пайда кылуучу өлчөм болуп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кээ бир изилдөө борборлору макул эмес:

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кош бойлуулардын суткасына 400 миллиграммдан кофе ичүүсү бойдон түшүп калуу коркунучун 11%га жогорулатат. Ошондуктан суткасына 200 миллиграмм гана ичүү туура болот.

Буга байланыштуу жогоруда айтылгандарга ар кайсы өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдары өз каршылыктарын билдирип келишет. Кофенин абдан чоң каршылашы – Норвегия. Учурунда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму норвегиялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянышкан.

Норвегиялык адистер кош бойлуу учурда кофени таптакыр эле колдонууга болбостугун айтышат. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кош бойлуу учурда суткасына 100 миллиграммдан бала 20-30 грамм салмак жоготот.

Жыйынтык: кош бойлууларга суткасына 300 миллиграммдан кофе ичүүгө болот деп айтылган бирдиктүү ой жок. Кофени канчалык аз пайдаланса, ошончолук жакшы.

Бала эмизгендерге кофе ичүүгө болобу?

Польшалык адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, бала эмизгендердин кофени өз рационунда колдонуусу орточо деңгээлде суткасына 125-165 миллиграммды түзөт. Эгерде эне жана баланын ден соолугу жакшы болсо, кофе көп таасир тийгизбейт. Бирок кээ бир балдардын организмине кофеиндин кириши уктоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эстен чыгарбоону айтышат.

Педиатрлардын кеңеши:

— кофени күнүнө эртең менен бир жолу колдонууга жол берилет;

— баланы эмизгенден кийин ичиңиз;

— муну менен катар курамында кофеини бар азыктардан баш тартышыңыз абзел;

— ар бир ичилген кофенин артынан суу ичиңиз;

— эгерде ымыркайда аллергия байкалса, кофеден таптакыр эле баш тартыңыз, анткени кофеинди баланын организми оор кабыл алат.

Бала эмизүү мезгилинде эгерде ымыркайыңыз аз кандуулук менен ооруса, кофени пайдаланбаңыз. Кофеин эненин сүтүнөн бардык темирди жууп салат да, жыйынтыгында бала бул эң маанилүү элементти ала албай калат.

Кофе жана өспүрүмдөр

Улуулар көп учурда балдар канча жашынан баштап кофе ичсе болот деп сурашат. Бул боюнча атайын тажрыйба жүргүзүлгөн эмес. Бирок кээ бир адистердин сунуштоолору бар:

Эгерде өспүрүм кофени суткасына 50-300 миллиграмм пайдаланса, анда анын ден соолугуна эч кандай терс таасири тийбейт.

Өспүрүмдөрдүн кофеинди ашыкча пайдалануусу кандай таасир берет?

— кофеин балада нервоздукту, кыжаалаттыкты пайда кылат;

— көп көңүл бурууга муктаж болгон балдар көпчүлүк учурда кофеинди ашыкча пайдаланышат да, жыйынтыгында алардын гиперактивдүүлүгү жогорулайт;

— ашказан оорусу, аллергиясы барларга кофе сунушталбайт.

Кофе жана кан басым

Кофенин айланасында дайыма суроолор көп болот. Алардын ичинен эң көп берилгени: кан басымы жогоруларга кофе таасир береби, эгерде берсе кандай жол менен? Чындыгында, бул тууралуу жүздөгөн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок бир дагы изилдөөнүн жыйынтыгы кофени пайдалануу кан басымга түздөн түз таасир берерин көрсөткөн жок. Демек кофе кан басымга таасир тийгизбейби?

Адистер эл аралык изилдөөнүн жыйынтыгына таянуу менен суткасына 100дөн 1000 миллиграммга чейин кофеинди пайдалануу чынында эч коркунучсуз анча чоң эмес жана көпкө созулбаган артериалдык кан басымды көтөрөрүн белгилешет. Мындан тышкары, окумуштуулар билдиргендей, суткасына 400 миллиграмм пайдаланылган кофеин жагымдуу үзүр берген. Ал организмден майларды чыгарууга көмөк көрсөтөт. Сөз жогорку жыштыктагы линопротеиндер жөнүндө болуп жатат.

Кан басым төмөн болгон учурда кофе ичүү аны нормага келтирет деп айтууга болбойт. Ошондуктан мындай учурда андан баш тартуу туура чечим болот.

Уктоо алдында кофе ичсе эмне болот?

Адамдын биологиялык сааты бузула баштайт. Мындан тышкары, уктоого болгон каалоосу 40-60 мүнөткө узарат. Кофеин ашказанда сиңирилүүсү үчүн 1 саат убакыт керек. Ошондой эле кофеинди жарым жоготуу деген да түшүнүк бар. Бул организмге кофенин таасиринин ургаалдуулугу эки эсе төмөндөгөн мезгили. Ал үчүн бул мезгил 2,5-10 саатты түзөт. Натыйжада адамдын уйкусу бузулат, түн ортосунда бат-баттан ойгоно берет.

Кофеин бардыгына бирдей таасир береби?

Кофе бардыгына эле сергитүүчү үзүр бере бербейт. Болжол менен 10-15% адамдардын гана уйкусу келе баштайт. Бул кофени уктатуучу каражат катары колдонууга болот дегендикке жатпайт! Мындай белгилер, мисалы, ашказандын иштешинин бузулушун чакырган организмдеги кээ бир ферменттер менен болгон көйгөйдүн болушунан кабар берет.

Copyright © 2017 Maral FM