Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу областынын губернатору менен жолукту

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 893 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Синьцзян-уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Шохрат Закир менен жолукту. Жолугушууга Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу областынын губернатору Дилшат Кыдыркан дагы катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министирлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилесин соода-экономикалык тармакта өнүктүрүү, экспорттун санын артыруу жана башка багыттарда сүйлөшүлдү.

Өз кезегинде Шохрат Закир эки өлкө ортосундагы коопсуздук маселелерин, терроризм, экстремизм менен күрөшүү мамилелерин бекемдөө керек экендигине токтолду.

Мындан сырткары учурдагы Синьцзян-уйгур автономдуу районунда этникалык кыргыздардын кайра тарбиялоо лагерлеринде тарбияланып жатат деген маалыматты төгүндөдү. Кайра тарбиялоо лагерлери мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болуп жатканын жана мамлекеттик программага ылайык укук бузгандар ар түрдүү адистиктер боюнча кесиптик билим алып, өз жумушун табууга кошумча билимге жана тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM