Биз менен байланышыңыз

Косметикаларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 501 | 0

Чалдовар өтмөгү аркылуу мыйзамсыз косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Текшерүү учурунда 120 куту косметикалык каражаттарды жана унаалардын кыймылдаткычтарын тиешелүү документтери жок алып өтүп жатканы белгилүү болду.

Кармалган товарлардын жалпы суммасы 1 миллион сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин материалдар Мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM