Биз менен байланышыңыз

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 1294 | 0

Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Дүйсен Касеинов менен 2019-жылы Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялануусу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө уюштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттук аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган иш-чара республикага туристтерди тартууда да мыкты өбөлгө түзөрүн, Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору наамына татыктуу деңгээлде көрсөтөтө турганына Өмүрбекова токтолду.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюмунун Баш катчысы алдыда өтө турган иш-чара Ош шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору иретинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн белгилүү деңгээлдеги чыгармачыл мүмкүнчүлүккө эгедер экендигин кошумчалады.

Кыргызстандын шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланышы алгач ирет орун алууда. Мурда бул макамды Түркстан шаарынан тышкары, Кастамону (Түркия Республикасы), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан Республикасы) жана Казань (Татарстан Республикасы) шаарлары алып жүргөн.

Эске салсак, 2019-жылы Ош шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялоо чечими Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТЮРКСОЙго мүчө-өлкөлөрдүн 36-жыйынында кабыл алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM