Биз менен байланышыңыз

Окуучуларга ыдык көрсөткөн мүдүр кызматынан четтетилди

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 740 | 0

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин мүдүрү окуучуларга адепсиз мамиле кылган окуя боюнча Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык аталган маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, ордуна жаңы убактылуу жетекчилик дайындалган.

Ошондой эле Түркиядан келе турчу текшүрүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүзөөгө ашырылмакчы.

Мындан тышкары учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Манас” университетинин аймагында жайгашкан мектептеги кырдаал боюнча жалпы жыйында айткан. Анда окуу жайдын лицензия жок экенин, ал жердин мүдүрү Амир Айдын балдарга ыдык көрсөткөнүн да белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM