Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөт жайыла баштады

Ден соолук | 21 Фев 2019 | 1478 | 0

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөттү колдонгон келиндердин саны өсүүдө. Мындай төрөткө көбүнчөcү жолдошу катышат. Айрым учурда гана башка туугандары жардамга келет. Бул боюнча Бишкек шаарындагы № 6 төрөт үйүндө күбө болдук.

Төрөттүн түйшүгүн аял гана тартат. Кийинки мезгилде төрөттө дагы «өнөктөш» деген түшүнүк пайда болду. Мындай ыкма Кыргызстанда жаңы киргени менен позитивдүү кабыл алынууда.

«Өнөктөштүк төрөт”- бул толготуп жаткан аялдын жакындары жанында болгон учур. Төрөт маалында ага жолдошу же апасы колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мындай практика  баардык эле төрөт үйлөрүнүндө колдонулбаган менен кийинки күндөрү көбүрөөк жайыла баштады.

Атын атагысы келбеген каарман анын биринчи төрөтү болгондуктан, жолдошу жанында турганда ага дем күч бергенин айтты.

-Негизи жакшы эле колдоо болот экен. Он эки саат толготтум. Кечке чейин жанымда болуп, оюм менен болду. Кийинки төрөттө буюрса дагы жанымда болом дейт.

Ал эми экинчи ирет энелик бакытка балкып турган Каличанын жолдошу өз каалоосу менен төрөт учурунда жанында болгонун айтып, толгоо мезгилинде  аялга өзгөчө чоң колдоо болоорун жашырган жок.

-Экинчи балам. Жолдошум бөлмөдөн чыгып кетсе эле издей берем. Колдорумду кармап, укалап жанымда отурду. Өзү баласак. Биринчи төрөтүмдө да өз каалоосу менен кирген.

Өнөктөштүк төрөттө бир гана жолдошу эмес, келиндин жанында болгон кайненеге да жолугуп, кепке тарттык.

Сүйүнүчүм койнума батпай жатат. Анткени үч уулдан соң кыз төрөлгөнүнө жетине албай турам, дарыгерлерге ыраазычылыгымды айтам- дейт София апа.

Бирок баардык эле келиндер өнөктөштүк төрөттү колдой бербейт. Айрымдары жолдошунан тартынса, жаш келиндердин физиологиялык жактан толгоосу тарап кетээрин адистер белгилешет. Алардын бири Зейнеп айым өнөктөштү төрөттү колдобойт.

-Менин төрт балам бар. Бирок бирөөсүндө дагы күйөөмдү же жакындарымды киргизген эмесмин. Киргизбейм дагы. Каалабайм!

№6 шаардык төрөт үйүнүн төрөт жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Наргиза Ормонбекова өнөктөштүк төрөттүн оң жана терс жактарын айтып берди.

— Мындай шарт көп жакта жок болгондуктан, кош бойлуу айымдар атайын ушул төрөтканга кайрылат. Каалоолорун аткаруу үчүн таза үстүңкү кийимсиз кириши шарт. Ал эми өнөктөштүк төрөттөр жылдан- жылга өсүп жатат. Статистикага кайрылсак 2018-жылга  жалпы 5155 төрөт катталса, анын 3427си өнөктөштүк төрөт — деди Ормонбекова.

Эске салсак, өнөктөштүк төрөт өнүккөн өлкөлөрдө кенен жайылган. Алсак Францияда ар бир төрөт жолдошу жок өтпөйт.

Copyright © 2017 Maral FM