Биз менен байланышыңыз

Бир үй-бүлөдө үч суицид: 18 жаштагы бала каза болду

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 918 | 0

Быйыл 8-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын Шагым айылынын жашоочусу 18 жаштагы Ж.Э аттуу бала өзүн-өзү асып алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, бул факты учурда иликтенип жатат. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгында, өзүн-өзү асып алган бала Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин 2-курсунун студенти экени аныкталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн маалыматында, бул үй-бүлөнүн дагы эки баласы буга чейин суицид жасаган. 2006-жылы 22 жаштагы Илимбек аттуу баласы, 2007-жылы 24 жаштагы Надирбек аттуу баласы асынып каза болгон.

-Жергиликтүү жашоочулардын айтуусу боюнча бул жерде аномалдуу сыр бар экени болжолдонууда. Акыркы 11-12 жылдын аралыгында бир үй-бүлөнүн үч баласы жанын кыйды. Милиция учурда иликтөө жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM