Connect with us

6-кабаттан секирген кыздын абалы оор

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 601 | 0

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда 6-кабаттан секирген кыздын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ал денеси жана ички органдары жабыркаган, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Окуя 20-февралда, «Туңгуч» кичирайонунда болгон. Милицияга алтынчы кабаттан секирүүгө камынып жаткан кыз боюнча маалымат саат 14.20да түшкөн. ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачып киргенде кыз секирип кеткен. Аны жерде килем жайып турган милиционерлер тосуп алган.

Учурда өспүрүмдүн суицид жасоо аракетинин себеби такталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM