Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Путиндин Кыргызстанга сапары кызматташууну жогорулатат

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 426 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турчу мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилесин жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы чек ара комплексинин ачылышында билдирди.

-Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында ал Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Анын визити кыргыз-орус союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт.

Белгилей кетсек, Кадамжайда ачылган чек ара тозоту Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында курулду. Бул макулдашуунун алкагында 2019-жылдын 15-январында, Орусия Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техника берген.

Мындан тышкары, чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имарат жана жабдыктардын комплекси курулуп, ишке киргизилген, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында бүткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM