Биз менен байланышыңыз

УИА: Аскар Акаев академиктер тизмесинен чыгарылган эмес

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 721 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын академиктер тизмесинен чыгарылган жок. Ал академиянын бүгүнкү отчеттук жыйынына катыша албагандыгы үчүн курамдан чыгарылды.

Бул тууралуу “Марал” радиосуна Улуттук илимдер академиясынын басма сөз катчысы Ыкыбал Айдарова билдирди. Анын айтымында, Улуттук илимдер академиясы бүгүн, 20-февралда отчеттук жыйын берген. Талапка ылайык, жыйынга 20 дан ашык академик, 20дан ашык мүчө корреспондент катышса гана отурум өтөт. Академияда 34 академик, 40 мүчө корреспондент бар. Бүгүнкү иш-чарага 30 академик, 27 мүчө корреспондент келген.

-Алардын арасында Аскар Акаев, Валерий Жигулянов чет өлкөдө жашагандыгы үчүн бүгүнкү иш-чарага келе албай калды. Буга байланыштуу бүгүнкү отурумдун курамынан гана чыгарылды. Ал академиктер курамынан четтетилген жок. 

Эске салсак, бүгүн жергиликтүү маалымат сайттарынын бири Аскар Акаев Улуттук илимдер академиясынын академиктер тизмесинен чыгарылганын жазып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM