Connect with us

Адамдын мээси 10% гана иштейт деген туурабы?

Блог | 20 Фев 2019 | 4121 | 0

Күнүмдүк жашообузда адамдын мээси 10% гана иштейт деген көз карашка дайыма эле жолугабыз. Бул айтымдын негизинде ар кандай жанрдагы тасмалар да тартылып келет. Эмесе чын эле ар бирибиз кокусунан эле он эсеге акылдуу болуп кете алабызбы жана жогорку айтылган теориянын канчалык чындыгы бар экенин, ал кайдан келип чыкканын далилдеп көрөлү.

Адамдын мээси 10% гана иштейт деп так айтылган маалыматтар 20-кылымдын башталышында ар түрдүү илимий эмес, өзүн өзү өстүрүү, экстрасенстик сыяктуу китептерде жазыла баштаган. Андагы маалыматтар боюнча мээнин потенциалынын 90% жашыруун болуп, ал колдонулбайт деп берилген.

Азыркы учурда бул жөн гана адамдын алсыздыгынан пайдаланылган жана оңой ийгиликке жетүүнүн ыкмасы экени белгилүү болду. Кошумча жөндөмдү ачууга жардам берет деген бир дагы ыкма эч кандай жыйынтык алып келген эмес (андай болсо бүгүнкү күндө ал кеңири жайылмак). Бул тууралуу китептер жана идеялар бат эле унутулуп калган. Бирок мындай китептерге болгон суроо-талап көп болгон жана болуп келе жатат, бүгүнкү күндө улам жаңылары чыгып байып жатат. Бул китептин авторлору болгон журналисттер менен жазуучулар өзүлөрүнүн далилдөөлөрүнө илимийлүүлүктү берүүгө аракеттенишкен жана ошол кездеги белгилүү психолог Уильям Жеймске таянышкан. Бирок ал жөн гана өзүбүздүн жөндөмдүүлүгүбүздү толук колдоно албаганыбызды болжолдоп айткан. Мындай адамдын мээсинин толук колдонулбашы анын мүмкүнчүлүктөрү жашыруун жана ачыла электигине байланыштуу эмес, ал адамдагы жалкоолукка жана мотивациянын жоктугунан көз каранды. Окумуштуу ушул нерсени гана айткысы келген.

Бул ой чындыгында кайдан келип чыккан? Изилдеп көрөлү:

Биринчиден, 20-кылымдын башталышында окумуштуулар адамдын мээсинин 90% глиналдык клеткалардан турарын изилдеп, алар пайдасыз клеткалар экенин айтып чыгышкан. Бүгүнкү күндө алар пайдасыз эмес эле, тескерисинче татаал ролду ойношору белгилүү болгон, бул клеткалар мээдеги нейрондорду байланыштырып турат. Ошондой эле адамдын мээсинде бул клеткалар көп болсо, ал жакшы иштейт да, адам ошончолук акылдуу болору далилденген.

Экинчиден, ошол кезде окумуштуулар ар кайсы учурларда мээнин ар кайсы бөлүгү активдүү болорун түшүнүшкөн, башкача айтканда бир учурда ал толук иштебейт. Айта кетчү нерсе, мээ толук иштеген учурда, тагыраагы, анын бардык бөлүгү иштегенде, белгилүү болгондой адам эпилепцияга учурайт, бирок ал укмуштуудай жөндөмдүүлүккө алып келбейт.

Чындыгында, «мээ өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша канча пайыз иштей алат» деген суроо илимий негизде боло албайт. Бул суроо биологияга эмес,  элементардык логиканын аймагына тиешелүү. Бул суроого жооп бериш үчүн окумуштуулардын изилдөөсүнүн кереги жок, анткени анын жообу жөнөкөй жана белгилүү:

Ар бир конкреттүү адамда, акыл-эсинин максималдуу чыңалуусу учурунда, жөндөмдүүлүгүнө жараша, мээ бардык мүмкүнчүлүктөрдүн 100% чыгарат.

Адам эч нерсе кылбай отурганда, мээ толук түрдө иштебейт (бирок белгилүү болгондой мээ эч качан иштөөсүн токтотпойт, ал дайыма органдардын иштөөсүн текшерип турат, көптөгөн факторлорду байкайт, дайыма даярдыкта  турат).

Мээни машыктыруу керек, көп окуп, көп нерсе билүүгө умтулуу кажет. Ал үчүн көп эмгек сарптоого туура келет. Ошондо гана ар кандай конкреттүү учурда мээ өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн 100%ын бере алат.

Copyright © 2017 Maral FM