Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын маалыматы боюнча, 2019-жылды 18-февралына карата экономикалык жана кызматтык кылмыштардан өндүрүлүп, бирдиктүү депозиттик эсепке топтолгон акчаны суммасы 1 млрд. 52 млн. 665 миң сомго жетти.
Анын ичинен:
— 497 млн. 916,1 миң сом Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган;
— 194 млн. 905,5 миң сом Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан которулган;
— 357 млн. 657,7 миң сом КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан которулган;
— 2 млн 185,6 миң сом Ички иштер министрлиги тарабынан которулган.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчаны топтоо үчүн бирдиктүү эсеп ачууну буйруп, эсеп 2018-жылдын 3-июлунда түзүлгөн.