Биз менен байланышыңыз

Күчтүү эмес, бактылуу аял болгусу келди…

Блог | 19 Фев 2019 | 1718 | 0

Окуучулук, студенттик жылдарда достор аны өктөм, шарт- шурт, тарс- турс болуп кеткен кыял-жоругу, анан алсызга кылынган калыс эмес мамиледеги бетке айткан тайбастыгы үчүн мырзаларга салыштырып коюшчу эле. Ооба, ал да ошол кезде өтө күчтүү кыз болгусу келчү.

Ал эми азыр кыргыз коомунда өтө күчтүү аялдар көбөйдү. Балдарын баккан, үйүн үй, жайын жай кылып бүт түйшүктү кичинекей ийинине артып, Кыргызстандын таштак жолунда бараткан. Тукум улаган. Үйдөгү жалгыз ишенген, бел байлаган, билек түргөн адамга айланды. Бул бир саам абдан сонун деп кол чапкандар бар. Ооба “күчтүү аял” деген сыпаттама сыртынан өтө таасирдүү угулганы менен, ошол күчтүү аялзатынын ичине баш багып көргөнсүзбү?.. Аялдардагы көк жалдык эмнеден улам жаралат? Аялдын күчү эмнеде? Мен ушул суроого акыркы 10 жыл жооп издедим. Анан баягы күчтүү болгусу келген курбумдун тагдырына үӊүлдүм…

Табият аялзатын негизинде сүйүктүү, мээримдүү, даанышман, акылгөй, берешен, тапкыч, эпчил кылып тегерегине балдарын, жарын, жакындарын тургай бүтүн ааламды айлантар ыйык зат кылып жараткан экен. Анан да кызыгы эркекке салыштырмалуу аял суу сыяктуу ыңгайлашуу, өзгөрүү жаатында лидерликти бербей келет. Дегеним сууга бал кошсоӊ таттуу, шарап кошсоӊ ачуу суусундукка айланат. Демек аялзаты бир жерден, башка бир жерге түшүп калган таттуу жемиштин уругу сыяктуу өсүп, гүлдөп, мөмөлөп кеткен керемет жан. Бул жагынан эркек канча күчтүүмүн дегенине карабай аял менен теӊ тайлаша албайт. Башка үйгө барып кирип алган эркекти кыргыз “күч күйөө” деп өтө төмөн баа берет. Бирок бул заманда «КҮЧ КҮЙӨӨ» болуу модага айланды окшойт.

Изденүү жылдарымда курбумдан тышкары абдан көп күчтүү аялзаты менен баарлаштым. Бетме-бет олтуруп, жөн-жай аял маек курган күндөр арбын болот. Кызыгы, аялдар жөн-жай аял маекте сыр төгөт, жасалмасыз абалга келет. Чындыгын моюндайт. Ошондо кабыл алган бир чындыгым бул болду. Ар бир АРСТАН мүнөз аялдын ичиндеги кичинекей мышыктын өзүндөй кичинекей, назик, сүйүлгүсү, аялгысы келген, эркелегиси келген сезими бүтүн аялзатынын бакыты, эӊсегени, күткөнү экен. Аял табиятынан мышык сыяктуу ал жылуу жерди жакшы көрөт. Ыйык китептер да аялзатынын табиятына күчтүүлүк эч качан жарашпайт экени жазылган. Билгенге күчтүүлүк – чыныгы аял үчүн кайгы, аргасыздык. Күчтүүлүк – аялдын “Эл эмне дейт, кокуй” деген бел байлоосу. Күчтүүлүк – алсыз эркектин жары болуу. Күчтүүлүк – арсыз эркектин жемесине, кысымына, аялды кулдай кордогон азабына жооп кылган каршылыгы же жарын жоготкон каралуу аялдын билек түргөн сабыры, кайраты.

Жигиттин күчү согуштагы эрдигинде, жеӊилбеген кайратында болсо, аялзатынын күчү ошол согуштагы жеӊилүүсүндө экен. “Жигиттин баш ийгени өлгөнү” ,- деп айтылса, аялзатынын баш ийүүсү, майда жеӊилүүсү УЛУУ ЖЕⱧИШтин башаты, ыдырабаган ынтымак, жагылган коломто, жылуу үй болору эскертилет. “Жигиттин үйдө жатканы жут, аялзатынын үйдө олтурганы кут” деген сөз бар.  Аялзатынын күчү анын даанышмандыгында, “жаман эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылган” акылында, мөмөлүү дарак сымал берген мол, таттуу түшүмүндө. Аялзатынын түшүмү албетте акылдуу, намыстуу, дүйнө таанымы кенен, мекенчил балдар, кыздар болору ырас.

Мен күчтүү аялдардын күчтүү болуудан чарчаганын көрдүм. Мен социалдык баракчасындагы сүрөттөрдө гана бактылуу болуп көрүнүп, бирок сүрөттүн артында буркурап ыйлап олтурган аялдар менен өтө арбын сүйлөштүм. Баарынан кызыгы аялзатынын күчү Кудай ыӊгайлаштырган табиятына дал келүүсү экени анан ошол саам өз бактысы тургай, жарынын, балдарынын тагдырына түздөн-түз таасир бере ала турган негизги адам экени өтө таасирлентти. Ошол себептүү курбум дагы жөн жай күчү ичинде, оту көзү менен жүрөгүндө болгон даанышман кыргыз аялзатынын жолун тандаганын көрдүм. Аялдын күчтүү болуусунан коркушубуз керек! Күчтүү аялдардын көптүгү кыргыз коомунда алсыз, арсыз эркектердин саны өтө арбын экенин кабарлаган коркунучтуу КОⱧГУРОО…

Журналист, Жазгүл Жамангулова.

Copyright © 2017 Maral FM