Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык бильярдчылар дүйнө биринчилигине катышат

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2019 | 524 | 0

Кыргызстандык бильярдчылар Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков Орусияда өтө турчу Дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Ханты-Мантийск шаарында өтөт. Бильярдчыларды башкы машыктыруучу Күмүшбек Дүйшөбаев коштоп барат. Курама командага мамлекет тарабынан 239 миң сом бөлүнгөн.

Дүйнө биринчилигинде Орусия, Белорусия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн спортчулары күч сынашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM