Биз менен байланышыңыз

Өкмөт коррупциянын деңгээлин аныктаган улуттук система иштеп чыгат

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 591 | 0

Өкмөт коррупциянын деңгээлин аныктай турчу улуттук система иштеп чыгууну пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча пландарында айтылат.

Коррупциянын деңгээлин аныктоонун жол-жобосун иштеп чыгуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталат. Ушул эле жылы пилоттук иликтөө жүргүзүлөт. Ал эми жылдын аягына чейин системанын иштелип бүткөн варианты сунушталат.

Жаңы системанын негизинде мамлекеттик сатып алууда, бюджетти башкарууда, лицензия берүүдө, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, салык чогултууда, ошондой эле күч органдарындагы реалдуу коррупциянын деңгээлин аныктоо максаты көздөлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк Trancparency International коррупцияга каршы күрөшүү коалициясынын 2019-жылдын январь айындагы маалыматында, Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунда.

Copyright © 2017 Maral FM