Биз менен байланышыңыз

КТРК: директорлукка 19 талапкер ат салышат

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 616 | 0

Бүгүн, 18-февралда КТРКга башкы директор болууга арыз берүүнүн мөөнөтү аяктап, Байкоочу кеңеш документтерди кароону баштады.

КТРКга башкы директор болууга ат салышкандардын саны 22ге жетти. Алардын 19унун документтери толук болуп, 2-баскычка өттү. Элдар Аттокуров, Бөбөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимовалардын талапкерлиги документтери толук болбогондуктан четтетилди.

Документтери толук болгондордун онунун кепилдик каты жок болуп чыкты. Аларга Байкоочулар кеңеши документти толуктоого 3 күн убакыт берди.

Экинчи баскычка өткөндөрдүн арасында “Марал” радиосунун көңүл ачуу бөлүмүнүн редактору Мирлан Самыйкожоев, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу, жарандык активист Адил Турдукулов жана каналдын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да бар.

2- баскычка өткөндөр 28-февралда КТРКнын Байкоочу кеңешине маектешүүгө чакырылмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM