Биз менен байланышыңыз

Кесиптешибиз Динара 27-жазына жеткен жок…

Коом | 18 Фев 2019 | 7401 | 2

Кесиптешибиз Динара Жоробекова болгону 27 жашта эле. Анын “Марал” радиосунун жамаатына келип кошулганына бир жыл болгон. Бирок бул кыска аралыкта Динара радионун өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Анткени ал жумушун берилип жасачу. Өз ишин мыкты билген профессионал эле. Дайыма жаңы идеяларды киргизип, ар качан жаңычылдыкка умтулчу. Кесиптешибиздин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы биздин жамаат үчүн күтүүсүз болду. Мындай чоң жоготуу ар бир кесиптешибиздин, башкы редакторубуз Майраш Базлакунованын да кабыргасын кайыштырып турган кези.

«Динара чындыгында өтө билимдүү, интеллекти жогору кыз болчу. Комунакабелдүү, элге жугумдуу мүнөзү менен жамаатка да бат аралашып кетти. Ал «Марал» радиосунун эл аралык уюмдар менен кызматташуусун жандантууга, өнүгүү үчүн өз салымын кошууга дилгир кесиптеш болчу. Мүнөзү да жаш бала сыяктуу баёо, жаркылдап гана турчу». 

Динара өзү жаш болгонуна карабай иш тажрыйбасы мол, билимдүү, идиректүү инсан эле. Ал мектепти Жалал-Абаддагы “Кыргыз-түрк” кыздар лицейинде окуп бүтүргөн. Андан соң Түркиядагы абройлуу окуу жайлардын бири болгон Борбордук Чыгыш техникалык университетинде (Анкара) “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча жогорку билим алган.

Студент кезинде эле иш чөйрөсүнө бат аралашып, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде “элчинин ассистенти” болуп баштаган. Ошондой эле Анкарадагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр борборунда да иштеген. Окуусун аяктаган соң, 2014-2016-жылдар аралыгында “Ататүрк-Алатоо” Эл аралык университетинде мугалим болгон.

Ошондой эле Динара Жоробекова 2016-жылы өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгында SMM-менеджер жана ЖМК менен иштешүү бөлүмүн жетектеген.  Анын ошол кездеги кесиптештеринин бири, учурдагы медиа эксперт Гүлнура Төралиева  Динара тууралуу буларды эскерет:

«Динара тууралуу кабарды угуп ишене албай турабыз. Биз аны менен 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюнунун алкагында кызматташтык. Динара өкмөткө аталган оюндарды өткөрүү боюнча иштерди уюштуруп жардам берди. Ал негизи келечегинен көптү үмүттөндүргөн кыз эле. Жаштарды өнүктүрүү, лидерлик боюнча чоң максаттары бар болчу. Албетте, Динаранын бул дүйнөдөн өтүшү Кыргызстандагы PR коомчулугу үчүн өтө оор жоготуу».

Динара англис, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөчү. Ал бир катар эл аралык уюмдардын стипендиаты болуп, АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөрдө тажрыйба алмашып келген. Динара дагы жашаса Кыргызстандын медиа тармагына дагы көп салым кошмок, — деп эскерет медиа эксперт Азамат Тынаев.

«Биз Динара менен кыска аралыкта кызматташып калганыбызга карабай, анын кыргыз медиа тармагына салым кошо турчу потенциалын байкаган элем. Көп тил билип, ишти так аткарып жана иштин көзүн билген кыз деп бааладым эле. Динара дагы жашаса, келечекте Кыргызстандагы күчтүү медиа-менеджерлердин бири болмок. Албетте, бул кайгылуу окуя баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды. «Марал» радиосунун жалпы жамаатына көңүл айтамын».

Ооба, адамдын көзү өткөндө: “Ал кандай адам эле?”- деген суроо берилет. Тааныгандар “жакшы адам эле” дешет. Бирок Динараны жөн гана жакшы адам эмес, чыныгы жакшы адам болчу деп айтканга негиз бар. Анткени анын бул мүнөзүн баскан-турганы бүт айтып турчу. Жакшылыгын ушундан билиңиз, “Мен “үй-бүлөгө” күйүмдүү адаммын,-деп бир тууганы, апасы тууралуу ар дайым тынчсызданып, камкор эле. Жадыраган, жаркылдаган бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы эле.

Кыялдары да чексиз эле. Келечекте мекенге пайдалуу иштерди жасоо үчүн чоң максаттарды койгонун да айтып калчу.

Ооба, Динара сен өз курагыңдагыларга салыштырмалуу ийгиликтерди эрте багындырдың. Тагыраагы шашып жашадың… Бул жашоодон да шашып өтө эрте кеттиң…Сенин калтырган боштукту эми эч ким толтурбасы бышык. Бирок сен калтырган, сен бөлүшкөн тажрыйбаларды “Маралдын” жамааты мындан ары да колдонот. Сенин жаркын элесиңди биз эч качан унутпайбыз. Ар дайым жүрөгүбүздөсүң.

Марал радиосунун жамааты Динаранын үй-бүлөсүнүн башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп,  терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

2 пикир

2 пикир

  1. Рустам

    19.02.2019 08:51

    Жараткан ырайымына алган болсун.

  2. Мир

    26.02.2019 21:39

    Жаткан жери жайлуу болсун! Ыйманы саламат болсун!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM