Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча соттук угуулар жабык өтүүдө

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 614 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөргө жол берген бир топ жетекчилердин иши боюнча соттук угуу өтүп жатат. Бүгүнкү угуулар жабык өтүүдө. Отурумга бир гана жактоочулар кригизилген.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча айыпталгандардын иши иликтенип бүтүп, 13-февралда материалдар сотко өткөрүлгөн. Бул ишти судья Инара Гилязетдинова карап жатат.

Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерге мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана башкалар айыпталган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында билдиргендей, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап жылуулук борборду оӊдоого колдонула турган техникалык жабдууларды кыйла кымбат баада сатып алган.

Мындай калпыстыктардын натыйжасында мамлекетке 111 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM