Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 40 млн евро грант бөлөт

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 599 | 0

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, Германия Өкмөтү 40,1 млн евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенет. Анын ичинде 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

Ал эми 19 млн евро бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумашалат.

Гранттык каражаттын 8,5 млн евросу социалдык турак жайлардын курулушуна бөлүнөт.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтымында, социалдык турак жайларды өлкөнүн 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Ушу тапта 7 шаар менен келишим түзүлдү.

Андан тышкары, «Биологиялык ар түрдүүлүк» долбоорунун алкагында буга чейин 5 млн евро көлөмүндө каражат бөлүнгөнү, азыр анын бүтпөй калган бөлүгүнө кошумча 2 млн евро бөлүнүп жатканы белгилүү болду.

Айта кетсек, Германия жалпы жонунан Кыргызстанга 542 млн евро берсе, анын ичинде 344 млн евро грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Ошондон улам, эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары, Өкмөт парламенттен кезектеги 40 млн евро көлөмүндөгү гранттык жардамды тездетип карап берүүнү өтүнүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM