Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Каныбек Осмоналиевди актады

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 583 | 0

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиевди актады. Бул тууралуу Осмоналиев “Маралга” билдирди.

Ал өзүнө карата козголгон иште кылмыштын белгилери табылбаганын айтты.

Бүгүн Жогорку Соттун отуруму болду. Буга чейин 15-октябрда эки берене боюнча да менин пайдама чечим чыгарган. 6-декабарда Бишкек шаардык апелляцилык коллегиялык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Эми бүгүн Жогорку Сот акыркы чечимди чыгарды. Эч нерсе далилденген жок. Күбөлөрдүн баары менин акча албаганымды айтышты. 2013-жылы башталган иш аягына чыкты. Адилеттүүлүк бар экенине ишенип отурам”, -деди Осмоналиев.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиевге карата Улуттук коопсуздук комитети 2014-жылы Кыргыз-Орус университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратуу суралган.

Copyright © 2017 Maral FM