Биз менен байланышыңыз

КТРКнын директорлугуна талапкерлер бүгүн аныкталат

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 811 | 0

Коомдук теле-радио берүү корпорациясынын башкы директорлугуна жарыяланган сынакка кимдер катышкандыгы бүгүн, 18-февралда аныкталат. Бул тууралуу КТРКнын коомдук кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев «Маралга» билдирди. Анын айтымында, конверттерди ачуу саат 17.00гө белгиленген. Азырынча сынакка 7 талапкер катышкандыгы белгилүү.

Буга чейин КТРКнын азыркы директору Илим Карыпбеков каналдын башкы директорлугуна өз талапкерлигин кайра коёрун айткан.

Карыпбековдун белгилешинче, КТРКнын кызматкерлери анын кызматта калышын каалап, байкоочулар кеңешине, Жогорку Кеңешке жана президенттин дарегине кат жолдошкон. Эмгек жамаатынын колдоосун аягына чыгаруу үчүн кийинки ачык шайлоого катышарын белгиледи.

Бул кызматка баруу үчүн арыз жазгандардын катарында активист Адил Турдукулов жана Замир Казакбаев да бар.

Кошумчалай кетсек, Илим Карыпбеков 2015-жылы КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Директорлук кызматтын мөөнөтү — 4 жыл.

Copyright © 2017 Maral FM