Биз менен байланышыңыз

Айдана: Эмнеге мен башка балдардай болуп дүйнөнү тунук көрбөйм?..

Коом | 17 Фев 2019 | 1176 | 0

Саламатсыздарбы, балалыгында батыраак чоңоюну каалап, чоңойгон соң, балалыкка барууну эңсеген чоңдор! Сиздерден бир аз убакыт бөлүп, төмөнкү кайрылуумуду окуп койюңуздарды суранам.

Тынчыңызды алып жаткан мен, Айдана. Кечээ күнү 2 жашка толдум. Азырынча менде баары жакшы. Балалык кыялдарым, оюндарым, таттуу тилим менен ата-энемди бакытка бөлөп турган кезим. Биздин үй-бүлө өтө чоң эмес. Атам, апам, эжем жана мен. Эжем экөөбүз үйдү шаңга, күлкүгө, бакытка бөлөп турган жаштабыз экөөбүз тең.

Биз качан, кайда, кимдин үй-бүлөсүндө төрөлөрүбүздү тандай албайт экенбиз. Бул Жараткандын тагдыры экен. Төрөлөр алдында ал айткан эле. “ Сени ал жакта эки периште сүйүп, мээримине бөлөп, баардык сүйүүсүн берип чоңойтот”, — деп. Ал эки периштени мен кантип атайм деп сураганымда ал, “АТА” жана “АПА” дээримди айткан. Жарыкты толук көрбөсөм да, ал эки периштемдин жүзүн билем. Башкалардан айырмалап алам. Анткени алар өзгөчө мээримдүү. Алар мени, мен аларды сүйөм.

Бирок… Бирок ата-энемди, мени да бир көйгөй кыйнап келүүдө… Менин бир көзүм начар көрөт, экинчиси болсо… Тап-такыр көрбөйт… Доктур агайлардын айтуусу боюнча, тез аранын ичинде көздөрүмө операция жасатпасак, эки көзүм тең көрбөй калуусу мүмкүн экен.

Мени кубантканы, операциядан соң эки көзүм тең тунук көрө баштайт экен! Кандай сонун ээ?.. Капалантканы, мындай операция биздин өлкөдө жасалбайт экен. Ал үчүн чет мамлекетке чыгуу керек экен. А ал жакка барганы азыр менин ата-энемдин чамасы жетпей, кыйналып турган кези.

Күндүз экөөбүз тең бири-бирибизге жылмайып карап, эркелешсек да, кечинде экөөбүз тең эки жакта уктай албай ойлонуп жатабыз бир топко. Ата-энем менин операциям үчүн “кантип, кайдан акча тапсам экен”деп ойлонсо, мен болсо: “Эмнеге башка балдардай менин көздөрүм тунук көрбөй калды, эмнеге мен башка балдардай эмесмин”, — деп ойлонуп чыгам…

Бирок таптакыр көрбөй калган жок.

Урматтуу чоңдор, сиздерден суранам, силер балалык кезди таттуу күндөрүн, наристенин шыңгыр күлкүсүн сагынгандай эле, мен да кийин чоңойгондо силердей болуп, балалыгымды сагынчу сонун күндөрдү көрүүмө, жашоомо мага, ата-энеме жардам берүүңуздөрдү суранам!

“Сөз берем, мен да силердей чоңойгондо кичинекей балдардан жардамымды аябайм!” — деп, силердин кичинекейиңер Айдана…

Жардам берүү жолдору: Элсом 0771 22 22 41

Байланыш ном: 0700 50 33 10

Copyright © 2017 Maral FM