Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын менен Трамптын жолугуусуна даярдык башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1119 | 0

Түндүк Кореянын кеңешчиси, өлкө башчысы Ким Чен Ындын жардамчысы Ким Чхан Сон Гуанчжоудогу сапардан соң, Ханойго келип конду. Бул тууралуу япондук NHK каналы билдирди. Теледен Гуанчжоу жергесиндеги аэропортто Ким Чхан Сондун эскалатор аркылуу жүрүп баратканы көрсөтүлгөн.

Бул сапар, 27-28-февралда Түндүк Корея менен Америка өлкө башчыларынын экинчи жолку жолугушуусуна байланыштуу. Атайын саммит өтүүчү жерди кароого келген деген божомолдор айтылууда.

Ким Чхан Сон биринчи саммитте да алдын ала Сингапурга барып байкоо жүргүзүп келген. Эске сала кетсек, эки өлкө лидерлеринин алгачкы жолугушуусу былтыркы жылдын июнь айында, Сингапурда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM