Биз менен байланышыңыз

Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жай ишке кирет

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 611 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Росатом» Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» өлкөлөр аралык максаттуу программасынын экинчи этабын ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Биринчи вице-премьер-министр Кажы-Сай айылындагы жакында жыйынтыкталчу калдык сактоочу жайдагы рекультивациялык иштер тууралуу оңдуу пикирин билдирди.

«Жакынкы мезгилде аталган объект ишке берилээри кубанычтуу. Аткарылган иштин жыйынтыгында айыл аймагында радиациялык коопсуздук камсыздалаарына ишенем. Ага ылайык, аталган жайдын туристтер үчүн жагымдуулугу артылып, Кажы-Сай айылынын тургундарынын социалдык деңгээли жогорулайт. Буга катар Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайды которуу жана рекультивациялоо боюнча иш-чаралар беекитилген мөөнөттө жана бардык талаптарга ылайык аткарылаарына ишеним билдирем», – деди Кубатбек Боронов жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде «Росатом» корпорациясынын эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Николай Спасский маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын март айында Кажы-Сай обьекти боюнча бардык аткаруу документтери тапшырылып, анын ишке берилиши камсыздалат.

«Биз аталган долбоордун артыкчылыгын жана маанилүүлүгүн түшүнөбүз, ошондуктан бардык иштер сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылууда. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кесипкөй кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиргим келет», – деди ал.

Айта кетсек, КМШ алкагында 2013-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» өлкөлөр аралык 2013-2023-жылдарга каралган максаттуу программасын ишке ашыруу башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM