Биз менен байланышыңыз

Прокурор Бишкек ЖЭБине кымбат алынган жабдыктарды атады

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 794 | 0

Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо мамлекетке 5 млрд 439 млн 482 сомдук чыгым келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку кеңеште айтты.

Башкы прокурордун айтымында, бул каражат доллар менен эсептегенде 111 млн 252 миң 797ни түзөт. Мындай зыян модернизациялоодогу келишим APS форматында түзүлгөндүгүнөн улам келип чыккан.Тактап айтканда, кыргыз тарап аткарылып жаткан иштин жүрүшүнө техникалык жабдууларды, курулуш материалдарды сатып алуу процессине катышуу, көзөмөлдөө укугунан ажырап калган. Мунун натыйжасында керектүү материалдар жана техникалар кымбат алынган.

-Маселен, жалпы баасы 22 млн доллар болгон 2 турбина 25 млн АКШ долларына орнотулган. Өздүк баасы 6 млн 200 миң доллар болгон 2 генератор 8 млн 400 миң долларга коюлган. 1 млн 400 миң долларга коюлган тармактык суу жылыткычтын негизги баасы 650 миң доллар болгон. Көптөгөн материалдар ушундай жол менен көбөйтүлүп эсептелген, — деди Жамшитов.

Ошондой эле модернизация долбоорун ишке ашыруу комплексин 10 миң пункттан турган жумуш жана материалдар тизмеси түзүлгөн. Аталган тизме долбоордун баасын 386 млн долларга жеткирүү максатында жогорулатылып жазылганын айтты.

Кошумчалай кетсек, Бишкек жылуулук борбору 2017-жылы модернизацияланып, колдонууга берилген. Аны кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырган. Жалпы баасы 386 млн долларды түзүп, анда коррупциялык иштер болгондугу аныкталган. Анын жыйынтыгында мурдагы премьер-министрлер, депутат жана тармактын бир катар кызматкерлерине иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM