Биз менен байланышыңыз

КТРКнын директорлугуна талапкерлерден арыз түшө баштады

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 1021 | 0

КТРКнын Байкоочу кеңешине башкы директор болом дегендерден арыз келе баштады. Бирок азырынча алардын санын жана ысымдарын кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев «Марал» радиосуна ачыктаган жок. 18-февдалда гана арыздардын конверти ачылат.

Бирок айрым талапкерлердин ысымдары атала баштады. Алардын арасында укук коргоочу Адил Турдукулов жакын арада өз арызын таштай турганын маалымдады.

Ал эми корпорациянын учурдагы Башкы директору Илим Карыпбековдун азырын таштап же таштабаганы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 19-мартында телеканалдын башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгат.

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилде эркин сүйлөй билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет.

Copyright © 2017 Maral FM