Биз менен байланышыңыз

Мыкты журналисттик иликтөөлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар тапшырылды

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 906 | 0

Бүгүн, 12-февралда мыкты журналисттик иликтөөлөрдүн авторлоруна Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы сыйлык тапшырылды.

Иш чаранын жүрүшүндө журналисттик иликтөөлөр фонду тарабынан 2018-жылдын декабрында жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Уланбек Эгизбаев атындагы башкы сыйлык «Азаттык» радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго тапшырылып, статуэтка, диплом жана 100 миң сом акча берилди.

Башкы сыйлыктан тышкары мыкты журналистик иликтөөлөр үчүн «Үмүт», «Умтулуу» аттуу атайын сыйлыктар жана башка кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Аталган премия коррупциялык укуктарды бузуу жана укуктарга каршы келген көрүнүштөрдү токтотууга жана мындай фактыларды ачууну чагылдырууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү максатында жыл сайын өткөрүлүп, 12-февралда тапшырылып турмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM