Биз менен байланышыңыз

Жаш эне Перизатка жардам керек

Коом | 12 Фев 2019 | 2304 | 0

Оору сурап келбейт. Ооба, ал качан, кайдан, кантип келээри да белгисиз. Жашка да карабайт ал…

Өзүндө “Рак” оорусу бар экенин даарыгерлерден уккан соң Перизат айым да бир топ убакыт ишене албай, шок болуп жүргөн. “Эмнеге? Эмне үчүн менде Рак?” деген өңдүү суроолор менен өзүн кыйнап, бирок жообун таба албай бир канча убакыт өткөн.

Кийинчерээк Перизат өзүн колго алып, бул оору да бир сыноо экенин түшүнүп, азыр ал оору менен күрөшүп келүүдө. Дарыласа болорун билет жана өзү да азыр бардык жактан бул илдетти жеңүүгө аракет кылууда. Бардык күчүн, кайратын мотурайган балдарынан алууда. Аларды бой жеткирип, окутуп-чокутуп, коомго пайдалуу уул-кыздардан кылып тарбиялайм деген жакшы тилеги бар.

Бирок… Азыр эң биринчи жумуш – бул ооруну жеңүү. Бир канча айдан бери дарыланып келүүдө. Бир химия-терапиясын алуу үчүн эле 200 000 сомго жакын акча кетет экен. Азыр үч ирет алды. Ар бир айдын 21-күнү алууда. 6 ирет алган соң, доктурлардын кароосунан өтүп, операция болот. Дары-дармектери, химия-терапиясы бир топ кымбат болгондуктан, азыр үй-бүлөгө акча каражаты жагынан жардам керек болууда. Бар акчаларын, колунда бар мүлкүн сатышты. Бирок дарылануу бүтө элек…

Өзү жаш, кайраттуу, билимдүү. Жолдошу да колунан келген бардык аракетти кылууда. Достору, туугандары да карап турганы жок албетте. Бирок…

Кайдыгер карабаган ар бир мекендештен бул илдетти жеңүүдө көмөчү болууну суранабыз.

Акча которуу жолдору: Элсом – 0709 180 999

Байланыш ном: 0551 222 324

Copyright © 2017 Maral FM