Биз менен байланышыңыз

ЖАМК: Кадыров менен Асанов абактан бошотулган жок

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 654 | 0

«Бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен соттолуп, камакта отурган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу мызматына соттун чечими келе элек.

Бүгүн 12-февралда айрым маалымат каражаттары «Бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты деген маалымат тараган.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырган. Дастан Сарыгуловго шартты түрдө 4 жыл, Эртнест Кадыровго 20 жыл, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдорду 12 жылга кескен болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM