Биз менен байланышыңыз

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыкты

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 1755 | 0

Бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолгон Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров шарттуу түрдө эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдирди.

Анда соттолгондор бүгүн 12-феврал эртең менен чыкканы айтылат. Ал эми 20 жылга эркинен ажыратылган Эрнест Карыбековдун маселеси каралып же каралбагын азырынча белгисиз.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы сот өкүмүн  күчүндө калтырган. Дастан Сарыгуловго шартты  түрдө 4 жыл, Эртнест Карыбековго  20 жыл, ал эми Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдорду 12 жылга кескен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM