Биз менен байланышыңыз

Абактан чыккандар чоң саясатка кайтат

Саясат | 1 Мар 2019 | 998 | 0

Абактан чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров атайын басма сөз жыйынын өткөрүп, камактагы жагдайга, саясий келечек туурасында билдирүү жасашты. Анда Кадыров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунттугунун негизинде камакка алынганын айтып, учурдагы соттор адилеттүү чечим чыгарганын белдирди.

Эми бул саясатчылар кайрадан чоң саясатка аттанат. Алдыда 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүшөт. Бул тууралуу Бектур Асанов айтты.

Биз түрмөдө дагы, түрмөдөн сыртта да саясатта болгонбуз. Мындан ары да саясатта болобуз. Түрмө бизди чыйралтты. Бизди эч ким саясаттан кетире албайт. Түрмөгө салышы мүмкүн, жумуштан алышы мүмкүн, бирок саясаттан четтете албайт. Саясатта болобуз. Алдыдагы шайлоого катышабыз. Биздин соттолгонубуз алынбаган күндө дагы катышабыз. Анда тике эмес, кыйыр түрдө жарышка барабыз. Кайсы бир саясий топту колдоого мажбур болобуз.

Эркиндикке чыккан саясатчылардын соттуулугу алына элек. 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, алардын жаза мөөнөтү гана кыскарган. Мындай учурда саясатчылар шайлоо өнөктүгүнө катыша албайт. Ал үчүн белгилүү бир мөөнөт өтүшү керек экенин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев белгиледи.

-Эски мыйзамда да, жаңы мыйзамда да бир маселе бар. Соттолгон деп адам качан эсептелет? Ал айыптаган соттун өкүмү күчүнө киргенден баштап, өкүм күчүн жоготконго чейин. Бул саясатчылар болсо, мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу деп бошоп чыкты. Ошондуктан бошоп чыккан күндөн кандайдыр бир убакыт өткөнгө чейин шайлоого катыша алышпайт.

Эркиндикке чыккан саясатчылар толук акталып чыгыш үчүн аракеттер улана турганын журналисттерге билдирди. Алдыда БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз бериле турганын кошумчалашты.

Темир тор артында үч жылга жакын отурса да саясатчылардын саясаттагы орду кандай? Бул суроого Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков ысымы аталгандар аброюн сактай алганын белгилейт. Ошондуктан алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө катышышы керек деген пикирде.

-Бул эки жигиттин Кыргызстандын саясатында өздөрүнүн баркы бар, орду бар жигиттерден. Булардын шайлоого катышуу, катышпоосу юридикалык жактан кандай экенин билбейм, бирок жаран катарында толук укугу бар. Себеби бул эки жигит биздин соңку жаңы тарыхыбызда демократиянын жолунда алтын фондунда бар. Менин оюмча, барыш керек. Эл-журтка булардын айта турган, жасай турган иштери көп болуш керек деп ойлойм.

А бирок Жоробековдун пикирине саясат талдоочу Марат Казакпаев кошулбайт. Бүгүн Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровду колдогондор азайды.

-Бектур Асанов жана башкалар чыкпадыбы. Менин оюмча, булардыкы жакынкы максаты парламентке киребиз, өтөбүз деген. Бирок булар кантип өтө алат, бул боюнча азыр айта албайбыз. Чынын айтсак, булардын артынан колдогон эл деле жок.

 Эскерте кетсек, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында «бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров 8 жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM