Биз менен байланышыңыз

Минотавр: Кабыргамдын, өпкөмдүн, боорумдун жарымы жок абалда UFCни багынттым

Блог | 11 Фев 2019 | 918 | 0

Антониу Родригу (Минотавр) Ногейра 1976-жылы Бразилиянын Виктория-да-Конкиста шаарында төрөлгөн. Эрежесиз эр уруш боюнча белгилүү мушкер, джиу-джитсу боюнча спорт чебери. Оор салмакта UFC жана Pride fighting Championships уюмунундарында чемпион болгон. 2000-жылы Американын World Extreme Fighting уюмунун RINGS King of Kings турниринде оор салмактагы чемпиону. Профессионалдык карьерасын 23 жашында баштап жалпысынан 46 беттеш өткөрүп, анын 34дө жеңишке жеткен.

Ногейра белгилүү мушкерлер Рэнди КутюрМирко Филипович (Кро Коп), Дэн ХендерсонФабрисио ВердумМарк КолманДжош БарнеттТим СильвияХит Херринг (x3) жана Сергей Харитонов менен болгон беттештеринде жеңүүчү аталган. Андан сырткары орусиялык Фёдор Емельяненко менен болгон трилогиясы кошумча атак алып келген.

“Спорт менен машыгууга болгон каалоом мени коп жолу куткарган”, — деген мушкердин спорттогу жетишкендигине чейинки басып өткөн жолу көпчүлүккө сабак боло алат.

Ногейра спорттук жолун 4 жашында дзюдо менен машыгуудан баштап, 1999-жылы кара курдун ээси болгон. 10 жашында кокусунан оор жүк ташуучу унаа сүзүп, төрт күн комада жаткан. Андан соң 11 ай ооруканада жатып, бир нече операцияны башынан өткөргөн. Авариянын кесепетинен кабыргасынан, өпкөсүнүн жанан боорунун жарымынан ажыраган. 14 жашында кайрадан спортко келип, бокс менен машыгуудан баштаган. 18 жашында бразилиялык джиу-джитсу менен алектенип, 5 жылдан соң кара курдун ээси болот. Андан соң Пан Америка боюнча дүйнө чемпиону болуп, 2000-жылы греплинг боюнча дүйнө биринчилигинин 1/4 финалына чейин жеткен.

Дүйнөнүн алдыңкы уюмдары Pride (2001-жылы), UFC (2007-жылы) дебюттук беттешин өткөргөн. Октагонго чыгып жүргөндө да колу сынгандан тартып бир-нече оор жаракаттарды башынан өткөрүп, бирок максытана жетүү оюнан кайткан эмес.

-Сиз менин мушташтарымды көрсөңүз негизинен armbars жана башка ыкмалар менен утканымды көрөсүз. Эгерде кылдат карасаңыз көп учурда мен өзүмдү жеңип, улантышым керек болгон. Жыгылганда кайра-кайра туруп жаңыдан аракет кылуу бул күчтүүлүктүн белгиси. Кыйынчылыкты жеңип гана өтүү керек. 2010-жылы кабыргамдан 3-кыйын операцияны өткөрдүм, мен машыгууну токтотконум жок. Беттештерге чыгууну уланттым. 10 жашымда кокусунан оор жүк ташуучу унаа сүзүп, баса да алчу эмесмин.Бирок мен бул күндөрдү да жеңип өтүп машыгууну кайра уланттым. Жашоомдо көп кыйын учурлар болду, бирок мен багынбай өзүмдү жеңип, жолумду уладым. Ошол кырсыктан кийин төрт күн комада жаткам. Андан соң 11 ай ооруканада болуп, бир нече операция өткөрдүм. Кырсыктын кесепетинен кабырга, өпкөмдүн жана боорумдун жарымынан ажырагам. Дарыгерлер менде жашоого мүмкүнчүлүк жок дешкен. Мен узакка созулган реабилитациядан өттүм. Дарыгерлерге ишендим, үмүттөндүм. Спорт менен машыгууга болгон калоом мага кайрадан турууга, жашоого жардам берди.

Ооруканага кетип жатканда атам кыйыкырып жатты: “Родриге багынба, сен күрөшүшүң керек, сен баатырсың!” — деди. Менин жашоомдо ал кырсыктан жаман эч нерсе жок болуш керек. Мен элди ушуга үйрөткүм келет. Эч качан кол түшүрбөңүз. Ошондо сиз өз максатыңызга сөзсүз түрдө жетесиз! (Антониу Родригу (Минотавр) Ногейра)

-Антониу Родригу “Минотавр” (мүйүздүү, адам менен букадан куралган кейиптеги каарман) деген лакап атына ийгилиги менен жеткен жанан талашсыз бул атка татыйт. Бир учурда дарыгерлер эч качан баса албайт деген 10 жаштагы бала, бүгүн 27-жашында ММА чемпиону. Ал менин октагондогу оппонентим экенине карабай, аны каттуу сыйлайм. Анын басып өткөн жашоосу көпчүлүк адамдарга мисал. Мирко Филипович (Кро Коп)

Copyright © 2017 Maral FM