Биз менен байланышыңыз

Челси 28 жылдан кийин ири эсепте утулду

Кыска кабар , Спорт | 11 Фев 2019 | 669 | 0

“Челси” 1991-жылдан бери алгачкы ирет ири эсепте утулду. Англия премьер лигасынын 26-турунун алкагында “Челси”-“Манчестер сити” беттеши 0:6 эсеби менен манчестерликтердин пайдасына жыйынтыкталды. Беттеш 10-февралда Манчестер ситинин үйүндө, «Этихад» стадионунда орун алды.

Лондондуктар буга чейин ири эсепте 1991-жылы Англия биринчилигинде “Ноттингем” футболдук клубуна утулган. Анда эсеп 0:7 болгон. Андан берки беттештерде жеңилсе да, айырмачылык мынчалык ири болгон эмес.

“Манчестер сити” бул жеңиши менен 3 упайга ээ болуп, Англиянын премьер-лигасыныны турнирдик жадыбалында “Ливерпуль” менен биринчиликти бөлүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM