Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Китеп чыгарууда 32 млн сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 1091 | 0

Жаңы окуу китептерди иштеп чыгууда 32 млн сомдон ашык каражат мыйзамсыз колдонулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

“Билим берүү тармагын реформалоону колдоо” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга гранттык жана насыя негизинде 16,5 млн АКШ долларын бөлгөн. Анын 4 млн 168 миң 50 доллары 5-6-класстын китебин чыгарууга жумшалган.

2016-жылдын 10-августунда “БК” ишканасы келишимде көрсөтүлгөн милдетин аткарбай, 5-класстын “Табият таануу” жана 6-класстын “География” китебин чыгаруу ишин “И” ишканасына өткөрүп берген. Бул аракет сынактын талаптарына каршы келген.

Ошол эле жылдын 28-августунда “БК” ишканасы Координациялык кеңештин комиссиясына китептин авторлордун кол жазмасы менен 1-чейрек үчүн эле жазылган вариантын беришкен.

Андан тышкары ишкана менен автор Э.М. аттуу жарандын ортосундагы келишимге ылайык, 5-класстын “Табият таануу” китебин чыгара турган болушкан. Бирок аталган колдонмо 2012-жылы чыгарылган, колдонууда жүргөн китептин көчүрмөсү болгон.

Ошого карабастан, Билим берүү академиясынын окумушуулар кеңеши жана министрликтин сынактык-техникалык комиссиясы сунушталган бардык китептердин басылышына уруксат берген.

Жыйынтыгында, 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыккан.

Аларды даярдоого жана басып чыгарууга 32 млн 749 миң 363 сом мыйзамсыз коротулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, министрликтин, Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишкер ашыруу бөлүмүнүн, Билим берүү академиясынын тиешелүү кызматкерлеринин, эксперттик топтун мүчөлөрүнүн жана ишкананын техникалык комиссиясынын жана жетекчилеринин жасаган иши Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу” жана “алдамчылык” беренелерине шайкеш келери аныкталган. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM