Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Мэрия биринчи этап боюнча өз ишин аяктады

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 598 | 0

Бишкек шаардык мэриясы Коопсуз шаардын биринчи этабы боюнча даярдык ишин аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Камера орнотууга жана тартууга  толук шарт түзүлдү.Ал үчүн баардык кызматтар тартылган.

Бишкекжашылдандыруу ишканасы камерага тоскоолдук жараткан бутактарды аралаган. Бишкекасфальтсервис жолдорго тийиштүү жол белгилерин орнотуп бүттү. Ошондой эле тийиштүү жол чырактар оңдолуп электр зымдары тартылды жана «Тазалык» ишканасы бүгүн санитардык тазалоо иштерин аягына чыгарды.

Кошумчалай кетели, камера орнотулган жерлерге «Контроль» деген жол белгилер коюлду. Эми камералар күнү-түнү иштейт.

Долбоор эртең 12-февралдан баштап иштейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM