Биз менен байланышыңыз

Келе жаткан аптанын аба ырайы

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 1254 | 0

Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, 11-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот, тоолуу райондордо кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

12-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак болот, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Ал эми 13-февралда жаан-чачын болбойт.

14-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.

15-февралда көпчүлүк аймактарда, 16-февралда кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүп турат.

Ошондой эле Ош менен Бишкек шаарларында дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM