Биз менен байланышыңыз

Сочиде президент Жээнбеков Путин менен жолугушту

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 829 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Жолугушууда мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, март айынын аягына белгиленген Путиндин Кыргызстанга болчу иш сапары тууралуу сүйлөшүштү.

«Биз экономикалык жана аскердик тармакта  кызматташтыкты жана миграция маселесин талкуулоо, ЕАЭБди бекемдөө жолдорун кароо сыяктуу бир топ маанилүү орток иштерибиз бар. Буларды мартта кароого даярдануудабыз»,-деди Путин.

Ал эми Жээнбеков бул Кыргызстан үчүн тарыхый окуя болорун айтып, Москванын жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле мартта болчу жыйынтыктоочу жолугушууга чейин аталган маселелердин деталдары иштелип чыгарын кошумчалашты.

Copyright © 2017 Maral FM