Биз менен байланышыңыз

«Таш» ата

Блог | 8 Фев 2019 | 1187 | 0

Кесибиме байланыштуу 10- 14 жаштагы балдар, кыздарга тренинг өтүп калдым. Анан сабак ортосунда бир оюн ойнотуум керек эле. Балдар алдындагы баракка ата-энесинин сүрөтүн тартыш керек болчу. Бирок адаттагыдай эмес, бир нерсеге салыштырып тартыш керек эле. Албетте, балдардын колунан өтө кызыктуу сүрөттөр жаралды. Бекеринен дүйнөлүк чоӊ сүрөтчүлөр балдардын тарткан сүрөттөрүнөн идея уурдайт деген имиш айтылбагандыр. Мени бирок бир сүрөт ойго салды. Мен аны көпкө кармап олтурдум. Кызыл гүл жана таш… Бул сүрөттүн ээсин билип турсамда, тарткан акылдуу окуучу муну кантип түшүндүрөт деп жылмайдым, балдарды карап. Өтө сезимтал, аракетчил окуучу кыз доскага чыкты да чоӊ кишидей салабаттуу түргө келип: “Гүл – менин апам,-деп көзү жайнай түштү. “Ал эми булчу капкара болгон”, — дедим акырын мен.

-Ал – Атам! Кыздын жүзүндөгү жанагы жылуулук өчүп, кичинкей көзүнө өзүнө гана тааныш жагымсыз бир аалам тунуп, көз жашы каректин бурчуна каканактай түштү. Бир азга тынчый түшкөн араны кыздын, — Атам апамды сабайт, бизди дагы. Ал бизди такыр түшүнгөн эмес, иши да жок. Мен баарын апам менен сырдашам. Апам гүл сыяктуу, — деп кайталады. Мен ичимен өпкөм көөп турса да баарын жутуп, акырын гана олтурууга ишарат кылдым. Сабак бүттү. Ооба, бул окуяга көп жыл болду. Бирок азыр да ошол окуяны, ал кыздын жүзүн, көзүн күнү бүгүнкүдөй эстейм. Кашайып, бул чын! Көпчүлүк кыргыз аталар ТАШ сыяктуу. Муну алар өздөрү билишпейт. Арак ичкен, мээримсиз, жеӊил ойлуу анан да карып калганга чейин “ичи чоӊойбой” калган аталар ар  дайым балдардын жүрөгүнөн чийилет. Балдардын жүрөгүнөн чийилген аталар, өмүр бою таш боюнча калышат. Таш – өлүк! Өлүктүн кимге зарылдыгы бар дейсиз?..

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM