Биз менен байланышыңыз

Аламүдүндө санариптик телекөрсөтүү калыбына келтирилди

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 537 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунда санариптик телекөрсөтүү толугу менен калыбына келтирилген. Буга чейин аталган райондун жашоочулары 3 күндөн бери сыналгыда каналдар толугу менен иштебей, көп ыңгайсыздыктарды жараткандыгы тууралуу билдиришкен.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, калың жааган кар санарип телекөрсөтүүсүнүн баардык жабдыктарын иштен чыгарган. Тилекке каршы жашоочулар санариптик көрсөтүүсүн көрө албай калган. Бирок адистер кечээ толугу менен жабдыктарды калыбына келтирүү иштерин аяктап, санариптик телекөрсөтүү толугу менен калыбына келтирилген.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-майынан тарта Кыргызстан аналогдук телеберүүдөн толугу менен санарип телекөрсөтүү форматына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM