Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов оор жаракат алды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 873 | 0

Балбан Акжол Махмудов оор жаракат алды. Учурда аны Германияда дарылатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда «Кыргызстан» фракциясынын отурумунда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Спортчунун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов да тастыктады.

Анын айтымында, Махмудов бутун машыгуу учурунда футбол ойноп жатып жабыркатып алган.

«Акжолдун атасы Германияга алып барып операция жасатам деп жүрөт. Ал жакка канча каражат кетерин билбейм. Мен ага Новосибирскиге барсаң 5000, Москвада 3000 долларга операция жасоого болорун айткам. Бир бүтүмгө келе элек болчу. Келечекте кыйналып калбашы үчүн азыр дарылатып коюушубуз керек», — деди машыктыруучусу.

Ошондой эле ал учурда Акжол Махмудов ооруканада эместигин жана өзү басып жүргөнүн кошумчалады. Операция ийигиликтүү аяктаса эки-үч айдан кийин кайра күрөшкө чыга ала турганын билдирди.

Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги балбандын  операциясына 1,5 миллион сом керектелиши мүмкүндүгүн айтууда.

Акжол Махмудов өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. Соңку ирет өткөн айда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып баш байгени уткан. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси.

 

Copyright © 2017 Maral FM