Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» 4 миң абоненттин электр жарыгын өчүрдү

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 438 | 0

6-февралда “Түндүк электро” ишканасы  Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн төрт миң турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайы, карыздардын суммасы 12,7 млн. сом болгон. 7-февралга алынган маалыматтарга караганда 4000 абоненттин 3199 электр энергиясына болгон карыздарын төлөштү. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн “Түндүк электро” ААК абоненттерди төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Төлөмдөр банктар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алат.

“Акылдуу” эсептегичтер менен камсыз болгон электр энергиясын керектөөчүлөр төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөнү үчүн аралыктан өчүрүлөт. Абоненттер карызды толук төлөп, “Түндүк электро” ААКнын серверине төлөм тууралуу сигнал келгенде автоматтык түрдө электр энергиясы менен камсыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM