Биз менен байланышыңыз

Үметалиев: Дүйнө коомчулугунда эки ажырым бар

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 677 | 0

Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде дүйнө коомчулугунда эки ажырым бар экенин билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө илимге, алдыңкы баалуулуктарга умтулган жана адам өмүрүнө маани берген адамдар бар. Бул коом бир гана адамдын өмүрүн эмес, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн да укугун коргоп жатат.

Ал эми экинчи топтогулар эч кандай далил жок туруп, бири-биринин өмүрүнө кол салууга даяр адамдар.

Биз адам өмүрү эч нерсе катары эсептелген тараптабыз. Кандайдыр бир идеянын арты менен адамдар өлтүрүлүп келген. Адамдар жогору жактан келген маалыматтардын негизинде элди өлтүрүүгө үйрөтүлгөн. Бизде ЖМК, социалдык тармактарда адамдар бири-бирин сындап жатканда “аны өлтүрүш керек, атып салуу зарыл” деген сөздөр жазылат. Демек, талаш-тартышка катышкан ар бир жаран маалыматтын чындыгын тактабай туруп, дароо адам өлтүрүүгө даяр. Бийлик адамдардын бири-бирин өлтүрүүсүнө уруксат берип койгон. Өзүңдүн чындыгыңа жараша башкаларды өлтүрүүнү нормалдуу көрүнүш катары көрсөтүп койгон. Ал эми биз кошулууну каалабаган Батыштагы саясий режимдер жарандарын өлтүрбөйт”, — дейт Үметалиев.

Copyright © 2017 Maral FM