Биз менен байланышыңыз

Министрлик тоо-кен адистигине окутуу үчүн шарттарды жакшыртат

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 547 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги кен тармагындагы адистиктер боюнча алыскы аймакты мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн окууга шарт түзүп бериши керек. Алар үчүн билим берүү гранттарын, кредиттерин берүү жана аларды даярдоонун механизмдери боюнча укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Президент кол койгон Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, жогорудагы жумуш 1-майга чейин иштелип чыгуусу шарт.

Коюлган милдеттердин катарында У. Асаналиев атындагы тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтун өз алдынча жогорку окуу жайга айлантуу да бар. Учурда ал Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университеттин түзүмдүк болугу болуп саналат.

Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны кен казуу тармагындагы өндүрүш ишине тартылган.

Кошумчалай кетсек, 30-январда Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда тоо-кен маселелери талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM