Биз менен байланышыңыз

Өкмөт дыйкандардан буудай сатып алат

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 578 | 0

Үстүбүздөгү жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги дыйкандардан 15миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик резервте турган дан толукталат.

Аймактардагы дыйкандарга ыңгайлуу болушу үчүн Нарындын Ак-Талаа районуна жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда буудайды кабыл алуучу пунктар ачылат.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 253 миң 800 тоннага буудай себилген. Көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 5,5 миң тоннага көп болду.

Copyright © 2017 Maral FM